Депутат Рыскелди Момбеков экономикалык кызыкчылыктан мурда өлкөнүн коопсуздугун коргоо зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жогорку Кеӊеште депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген Кыргыз мамлекетинин бир катар чет өлкөлөр менен визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Бекешевдин айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам келишимдерди азыртан узартуу зарыл. "Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм сындуу коркунучтарды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - дейт Бекешев.
Депутат Аалы Карашев өлкө аймагына кирип-чыккан чет өлкөлүк адамдардын баары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керектигин билдирди.
Мыйзам долбоорун кайрадан тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.