Депутат Надира Нарматовага таандык кызматтык унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен ооруканага жеткирилген 1990-жылы туулган Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну Мээрим Токторбекова каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн Тойота унаасынын каза болгон айдоочусу Мээримбек Нурдинов депутат Надира Нарматованын уулу экендиги белгилүү болду. Маалыматка ылайык, бул факт боюнча “кыймыл коопсуздугун жана унааны колдонуудагы эрежелерди бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эске сала кетсек, Токтогул районунда 21-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алганы тууралуу кабарлаган элек.