Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет тарбиялык маанидеги фантастикалык тасма тартылып, чоң экрандан көрсөтүлдү.
Тасманын аталышы - "Жетикс"
Режиссёру - Сүйүн Откеев
Бет ачары - 23-январь, "Манас" кинотеатры
Тасмадагы башкы каармандардын ролун жараткандар - Санжар Мирбеков, Айвара Алмазова, Байэл Чаткалбай уулу, Максат Агабеков, Арайлым Кеңешбекова, Эмир Адиев, Болот Шамшиев, Бусурманкул Одуракеев, Эркин Эгембердиев, Мээрим Атантаева
"Тасманы көргөндөн кийин ата-энелер балдарына мээримин төгүп, сүйүүсүн тартуулап турушу керек экендигин түшүндүм. Мээримге, сүйүүгө муктаж балдар-кыздарды башка планетага алып кетүү үчүн уурдап кетишти. Ошондо ата-энелер өздөрүнүн катачылыгын түшүндү", - дейт тасманы көрүүгө келген өспүрүм.
Тасма миграция маселеси, жарым-жетим балдардын турмушу сыяктуу коомдогу актуалдуу маселени баяндайт. Балдардын айрымдары алыстагы ата-энесине куса болсо, кээ бири туугандарынын колунда калып, сезимдердин улуусу болгон сүйүүгө муктаж. Режиссёр бул тасмасы аркылуу чоңдорго да, балдарга дагы тарбия бергиси келгенин айтат.
"Коомдогу актуалдуу маселени фантастика аркылуу чагылдыргым келди. Интернеттин күнүмдүк жашообузга келиши менен балдарга тарбия берүү, аларга мээрим төгүү, сүйүү деген милдеттерден алыстап баратабыз. Дагы бир маселе - миграция. Балдарыбызды ишенип таштап кеткенибиз менен, кандай маселелерге дуушар болуп, коомдо өгөйлөнүп жатканын биле бербейбиз. Балдардын ачык айта албаган, ичине каткан үндөрүн тасма аркылуу бердик", - дейт Откеев.
"Жетикс" - мээримге зар балдарды сезимсиз планетадан келгендер тарабынан уурдалышы жана аларды куткаруу тууралуу тасма. Анда дайынсыз жоголгон балдарды жогорку күчкө ээ 5 бала кантип куткарып, сезимсиз планетаны жок кылганы баяндалат.