Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашоо-шарты оор балдардын электрондук маалымат базасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, өз убагында кийлигишүү жана ар кыл маселелерди чечүү максатында көрсөтүлгөн электрондук маалымат базасын түзүү зарылчылыгы бышып жетилди. "Бул каттоо жүргүзүүгө жана ата-энесинин кароосуз тарбияланган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ошондой эле аларга карата катаал мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларында ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Текшерүүлөрдүн жана үймө-үй кыдыруулардын жүрүшүндө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдар тарабынан мындай балдар тууралуу топтолгон маалыматтарды электрондук маалымат базасына интеграциялоо керек. Жашоо-шарты оор балдарды коргоо топтомдуу мүнөздөгү тейлөөлөрдү көрсөтүүнү камтыйт. Буга байланыштуу маалымат базасы балдар менен өз ара аракеттешкен социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы министрликтер жана ведомстволорго, ички иштер органдары жана каттоо кызматтарына жеткиликтүү болушу керек", - деди Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр жашоо-шарты оор балдардын интеграциялашкан маалымат базасын иштеп чыгуу үчүн ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды.