Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районуна карышкырларды атуу үчүн тик учак берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Нарын облусунун Ат-Башы районунда карышкырларга мергенчилердин күчтөрү жетпей калыптыр. Өкмөттүн облустагы өкүлү, аким, айыл башчылары чарчап калганбы билбейм.
Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттын эсебинен аларга тик учак берип койсок туура болмок. Кыдырып карышкырларды атпайлыбы?! Карышкырлар биздин тууган эмес да. Алар күнүнө 5тей жылкы жеп жатышыптыр", - дейт Жолдошбаев.