Депутат Момбеков: "Акыркы 10 жылда Транспорт министрлигинде коррупция өчкөндүн ордуна өсүп жатат"

"Акыркы 10 жылда Транспорт министрлигинде коррупция өчкөндүн ордуна өсүп жатат" деп бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Депутат бул кызмат ордун душманына дагы каалабай турганын айтты. "Бул тармак эң коррупциялык аймак. Азыркы Сирияда абал кандай болсо, Транспорт жана жолдор министрлигинде абал ошондой. Ал жакка баргандар үч нерсе алат экен. Пара алат, чакыруу кагазын алат жана түрмөгө "путёвка" алат. Башка жыргаган эч нерсе көргөн жокмун. Сирияда миналардын үстүндө жүргөндөй, сиз бул тармакта коррупциянын үстүндө жүрөсүз. Ал жакты сиз тазалайсыз же алар сизди жазалайт", - деди Момбеков.

Транспорт жана жолдор министринин кызматына талапкер Жанат Бейшенов депутаттын айтканын түшүнүп жатканын билдирип, бардыгы эске алына турганын белгиледи.

Учурда парламентте транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан