Нарын шаарында 23 жаштагы жигит короосунда асынып өз жанын кыйды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-январда болгон.
"Каза болгон жаран Нарын шаарынын 1995-жылы туулган Э.М. атуу тургуну болгон. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаары жана районундагы бөлүмүндө техникалык айдоочу болуп эмгектенчү. Маркум ушул жылдын январь айынан баштап эмгек өргүүсүндө болгон. Учурда анын өлүмүнүн себептери аныкталууда", - дейт маалымат кызматынан.
Маркумдун денесинде эч кандай уруп-сабоонун белгилери жок болгон. Анын жакындары эч кимге доо арызы жок экенин билдиришкен. Каза болгон жарандын артында ата-энеси, жубайы жана бир баласы калган.