7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жабырлануучулар менен айыпталуучулардын ортосунда дагы уруш чыкты

Бүгүн, 22-июлда 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жабырлануучулар менен айыпталуучулардын ортосунда дагы уруш чыкты. Уруш жактоочу Осунбек Жамансариев “Альфа” атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн кызматкери Сергей Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу сунушун киргизгенде башталды. Айыпталуучу Цигельников: “Жамансариевден айырмаланып, мен 15 жыл этиканы окугам. Менин аскердик намысым маймыл болууга жол бербейт. Эгерде менин туугандарыма коркунуч туулуп жатса, мен аларды коргоого даярмын”,- дегенде, соттук отурумга катышып жаткан жабырлануучу тараптын туугандары айыпталуучуларга жана сотко карата жаман сөздөрдү айтышты. Эске сала кетсек, 17-июлда 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот процессинде жабырлануучулар менен сот процессиндеги коопсуздукту камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыккан. Айыпталуучуларды залга алып келишкенде аларды жабырлануучулар алдын-ала даярдап келишкен таштар менен урушуп, андан соң дубалда илинип турган картиналарды жулуп алып ыргытышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
toobaldaru
2013-07-22 12:55:30
Деги соттор тынч отпой калды го
0
tabyshmak
2013-07-22 13:14:01
Жапайычылык!
0
Aidai2010
2013-07-22 13:15:23
Цигельников атайы элди провакациялап жатат, откондо да ушул адамдын айынан жанжаал чыккан сотто, бул атайылап кылып жатат, убагында Жаныштын колтугунда жыргап журуп, эми ошол соттогу жабырлануучулардын жанын жеп атат.
0
blak.star.kg
2013-07-22 14:49:01
Деги булар сот залында олтурушабы? Же банядабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан