Өзбекстан Республикасынын аймагында жаштардын тобун токмокко алып жаткандыгы тууралуу видеону тараткан жарандын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу 24-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"1992-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Эдил аттуу жаран улуттар аралык кастыкты козутуу максатында видеону тараткан. Ал учурда Орусиянын аймагында экени такталды. Аталган факт кылмыштар реестерине катталды. Видеону атайын тараткан жаран кармалганда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.