Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштерин жана планын кароо маселеси талкууланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жеңишбек Ногойбаев, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов жасайт. Фракция жыйынында бир маселе каралат.