Бишкектин жашоочусунан 2 миң 500 доллар алып жаткан жеринен милиция кызматында иштеп жаткан бир адам жана мурда милиция кызматында иштеп кеткен 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну андан опузалап 3 миң доллар талап кылып жаткан милиция кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Ал арызында милиция кызматкерлери бул үчүн ага карата жазылган арыз боюнча кылмыш ишин козгобой турганын айтышканын жазган.
"Ички иштер министрлигиндеги Ички чалгындоо кызматы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте кечээ, 24-январда 2 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен 3 адамды кармады. Анын бири 30 жаштагы Е.А. Бишкек ШИИББинин криминалдык кызматындагы кызматкер. Экинчиси 36 жаштагы Н.У. ИИМдин мурдагы кызматкери, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып акча талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал эми үчүнчүсү 38 жаштагы Ж.Т. Ленин РИИБинин мурдагы кызматкери, алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн. Учурда бул боюнча тергөө, иликтөө иштери улантылууда. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери да жүрүүдө. Ал эми жогорудагы 3 адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат.
Ошондой эле маалыматта бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгону жазылат.
"ИИМдин ички чалгындоо кызматы укук коргоо органдарында иштеп туруп мыйзам бузуп, ИИМдин аброюн түшүргөн кызматкерлерден тазалануу ишин улантат", - дейт маалымат катчы.