Кытайга алынып бараткан 11 тонна эшектин териси табылды

Аткезчилик жол менен Кытайга алынып бараткан 11 тонна эшектин териси алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, табылган эшектин терилери ондатр териси катары декларацияланган.

"22-январда чек ара кызматкерлери тарабынан Нарын облусундагы Торугарт алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кытайга бара жаткан МАN маркасындагы автоунаанын жүк салынган бөлүгүн текшерүү учурунда ондатрдын терилери салынган мүшөктөрдүн алдына жашырылган эшектин териси табылган. Эшек терилеринин жалпы салмагы 11 тоннаны түзөт. Аталган товар ондатр терилери катары декларацияланган. Бул боюнча тергөө иштери Нарын облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Sary-Bala
2019-01-25 13:42:07
Этти колбасага кетпесе эле болду
+6
Dembele84
2019-01-25 13:52:06
11 тонна эшектин териси эле болсо,анда эти канча тонна болуп,каерде калды экен?Жакшылап териштирип тубуно жетип жок кылаар бекенсинер ушул эшек бизнести же дагы оозунар акчага тыгылып унчукпай кала берет бекенсинер?
+12
Shaa-82
2019-01-25 13:53:03
Дагы эшекпи?((( Эшектер калбады деп журсо... Эшекти сатса бутун сатышсынчы этин да ала кетишсинчи
+3
Apyn8793
2019-01-25 14:00:31
Анын сатпай мунунду сат.
Латунун сат медин сат.
Короондогу эшекти сат.
Баарын сатып буткон сон.
Ооой. Кыргызым!
Колтугундун жунун сат эй.
Сат, сат, сат, сат, сааат!
+9
Sprite
2019-01-25 14:09:30
Озубузго кайра,кийим кече жасап жонотот,эч нерсе сатып алгым да келбейт.
+3
Kamchy-bek
2019-01-25 14:28:48
11000кг÷5кг(тери)=2200штук эшек
2200шт×200кг(бир эшек)=440000кг деп кой орто эсеп менен,
+2
Munar92
2019-01-25 14:37:22
Супер сураныч акыр тубуно жеткилечи сурагылачы териштирип эти каякта. 3 жыл мурун бизге ЧУЧУК сатып келген арзан. Акчага киргенимче кетип калыптыр. Коншулар алыштыле ошол эшектен даярдалган ЧУЧУК болуп чыккан эле..ошондой болбосун
+6
Flowhive
2019-01-25 14:46:50
Эми эмне эшек болсо.,ачык эле айткыла да эшекти мынча сомдон алабыз деп.кытайга биз деле саталы.эшек багуу оңой да
+5
Nurik1988
2019-01-25 14:51:14
Бул иштин да устундо бир атка минер жеп жутттар жеп Тойуп жарылбан аябан туруда
+4
Nuri1988Elim2010
2019-01-25 15:01:05
Тема
Эшек!
Тема
Тукурук!
Бир мындай койгойлуу проблемалар калып кетип жатат.
Ошол эшек бизнес кылгандардын терисин сыйрыш керекта.
+3
ruslanz
2019-01-25 15:02:19
2200 эшек экен.
+3
bazar
2019-01-25 16:19:20
Этин качан эле кыргыздар самса менен жеп бүтүшкөн
+4
Petrovka
2019-01-26 10:32:07
Норка шубаларды кытайлар эшектин терисинен жасашат экен деп укканым бар. Болбосо норка озу кичине эле жаныбар го бир шубага канчалаган норка керек болот. Анан дагы шубалардын тигилишин байкасанар уландысы жок тигилген андай чон норка болушу мумкун эмес да.
+3
Janna07
2019-01-28 19:23:47
Petrovka,100%
0
Aima94
2019-01-26 11:55:28
Шуба жасап кайра эле кыргызстанга жөнөтөм деген ой болгон го
+1
ulua
2019-01-27 20:33:29
Эшек шордуулар, эшек сатпай эки бетинерди тилип саткырлар!!!Этин да откорушту да аралаштырып, кудай бар силерге манкурттар!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан