Орусиянын атайын кызматтары 31-декабрь күнү Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жана маршруттук таксинин жарылуусуна тиешеси бар деп шек санаган адамдарды кармоону улантып жатат. Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Кыргыз жараны, 29 жаштагы Хусниддин Зайнобиддинов да кармалганын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты. Анда жазылгандай, Зайнобиддиновду күч органдары 6 саат суракка алып, бул убакыт аралыгында жардырууга күнөөлүү экенин моюнуна коюу үчүн кыйнашкан.
Орусиялык маалымат булактары Магнитогорскто жүргөн Борбордук Азиядан барган мигранттарды текшерүү мурдагыдан күчөгөнүн жазышууда. Тактап айтканда, текшерүүгө негизинен Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандан барып иштеп жаткандар көп кабылууда. Алар негизинен маршруттук таксилерди айдашат жана "Гранд" соода борборунда, "Зелёный рынок" базарында көп иштешет. Жергиликтүү бийлик бул мигранттарды "тазалоо" эмес, мыйзамсыз иштердин алдын алуу экенин айткан.
Хусниддин Зайнобиддинов Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну. Ага Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан 2010-жылы Июнь окуясын уюштурууга тиешеси бар деп издөө жарыяланган. 16-январда ал Магнитогорск шаарында Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Ал аталган шаарда батирде аялы жана 2 айлык баласы менен жашачу. Анын аялы Халимахон Зайнобиддинова күйөөсү 6 сааттык сурак учурунда катуу кыйноого туш болгонун айткан.
"Мен аны 17-январь күнү көрдүм. Ал коркунучтуу абалда болчу. Мага полиция башкармалыгынан чалып күйөөмө тамак, кийим жана байпагын даярдап коюшумду айтышты. Мен аны өзүм жеткирип берем дедим. Бирок ага макул болушкан жок, полициянын кызматкери үйгө келип алып кетти. Кийин күйөөм менен жолуксам анын бети көгөрүп, көздөрү кызарып, колдору шишип, мурду канап абалы абдан начар экен. Мен коркконумдан кыйкырып жибердим, ал мени тынчтандырып, "ыйлаба, кыйкырба" деп айтты. Кийин аны кантип кыйнагандарын айтып берди. Айтымында, полиция кызматкерлери 6 саат бою сабап, белине катуу уруп, кийин белине кыш коюп токко тарттырышкан. Кулагы менен башынан токко тарттыргандыктан ал эсин жоготкон, кийин суу чачышкан", - деген Зайнобиддинова.
Учурда Зайнобиддинов Магнитогорсктогу №2-тергөө абагында жатат. Маалыматта ал жакын арада Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө экстрадицияланышы мүмкүн экендиги жазылат.