Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери бизнесменден опузалап акча талап кылганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктаган. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, райондук бөлүмдүн Э.Т. аттуу башчысы жана Б.Ч., Р.А. аттуу инспекторлору жеке ишкерден акча талап кылышкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
"Ушул жылдын 18-январь күнү салык кызматынын кызматкерлери жеке ишкер А.Т.дан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын пара катары талап кылышкан. Ал үчүн салык кызматкерлери анын мамлекетке төлөгөн салыгынын суммасын азайтып берүүнү убадалашкан. Андан кийин инспекторлордун бири ишкерди коркутуу жолу менен анын машинасын өзүнүн жакын досунун атына өткөртүп алган. Буга чейин ушул эле ишкер инспекторлордун бирине банк аркылуу 50 миң сом которгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган 3 адам Бишкекке убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Учурда Каржы полициясы ал адамдардын башка дагы коррупциялык схемага тиешеси бар же жок экендигин текшерүүдө", - деп жазылат маалыматта.