Бишкек-Торугарт жолундагы дарыядан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, каза болгон адамдын денесинде кылмыш белгилери жок. "9-январда Бишкек-Торугарт автожолунун 33-чакырымындагы "Чу" дарыясынан азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон адам болжол менен 30-35 жаштарда, бою 165-170 сантиметр. Үстүндө кочкул-көк түстөгү спорттук шым, кочкул-көк түстөгү свитер жана көк түстөгү кызыл жакалуу футболка болгон. Аталган факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө же 102 кызматына кабарлап коюусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Байланыш телефондору: 0(312) 61-69-07, 0(701) 88-62-95, 0(707) 25-79-02 же 102 кыска номери.