Серепчи Азамат Аттокуров: “Инвестицияны сактаганга аракеттер аз болууда”

2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген соболуна мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров жооп берди.

Ал өлкөдөгү эң негизги көйгөй - бул соттун адилеттүүлүгү экенин айтты.

“Инвестицияны тартууга аракеттер көп эле болуп жатат. Тилекке каршы, инвестицияны сактоого аракеттер аз болууда. Мамлекет чет жактан өлкөгө келген инвестицияны коргой албай жатат. Көйгөйлөр өтө көп, “Кумтөр” жана башка кен казуучу компаниялар менен болгон көйгөйлөрдөн улам инвесторлор чочулоодо. Биздин өлкөгө кен казуучу компаниялар көп келет, бирок алардын басымдуу бөлүгү көмүскө компаниялар, дүйнөгө белгилүүлөрү жок. Анан “алдамчы компаниялар” деп элдин буга кыжыры келет. Кытайлык инвесторлор көбүнесе кен казуу, курулуш, жол куруу, соода-сатык жана электр камсыздоо тармагында иш алып барышат. Өндүрүштү кайра иштетүү багытында өтө аз. Өлкөгө өнөр жай, өндүрүш багытында жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө инвестициялар аябай керек. Өлкөдөгү эң негизги көйгөй - бул соттун адилеттүүлүгү. Ошол себептен инвестиция кылуудан коркушат. Инвесторлор биринчи кезекте мамлекеттин жеке менчиги кандай корголоруна кызыкдар. Экинчиси, салган каражатын кайра алып чыгып кете алабы? Оңой болобу же кыйынбы, ошол нерсе алар үчүн өтө маанилүү. Үчүнчүсү, бул мамлекеттик кызматкерлердин, саясатчылардын “шапка” сураганы. Кандай гана инвестиция болбосун алар 10 пайыздан 20 пайызга чейин пара талап кылышат. Дал ушул себептерге байланыштуу жакшы инвестициялардын баары коңшу мамлекеттерге кетүүдө. Мисалы, Өзбекстандагы Daewoo, Chevrolet унааларын чыгаруучу завод Ошко завод ачабыз деп келишкен. Бирок “шапкасын” чоң сурашкандыктан алар кетип калышкан. Ушундай эле нерсе убагында Токмокко курула турчу “Goldstar LG” компаниясы менен кайталанган", - деди Аттокуров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Аалы Карашев, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, экономисттер Улук Кыдырбаев, Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан