Осунбек Жамансариев, 7-апрель окуясынын жабырлануучуларынын жактоочусу: "17-июлда сот залында чыккан жаңжалдан келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даярбыз"

“7-апрель окуясы боюнча 17-июлда өткөн соттук отурумдагы жаңжалдан улам келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө даярбыз”,- деди бүгүн, 22-июлда “Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы, аталган окуяда жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариев. Айтымында, 17-июлда соттук отурумда чыккан мушташтан улам келтирилген чыгым 60 миң сомду түздү. “19-июлдан баштап жабырлануучу тарап аталган сумманы чогултууну баштады. Жабырлануучу тараптын күнөөсү бар экенин моюнга алып, ушул аптанын аягына чейин чыгымды толугу менен төлөп берүүгө даярбыз”,- деди ал. Ошондой эле ал мушташ чыккан күнү жаракат алган аскерлерден кечирим сураганын билдирди. Эскерте кетсек, 17-июлдагы сот процессинде жабырлануучулар менен сот процессиндеги коопсуздукту камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыккан. Айыпталуучуларды залга алып келишкенде аларды жабырлануучулар алдын ала даярдап келишкен таштар менен урушуп, андан соң дубалда илинип турган картиналарды жулуп алып ыргытышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidai2010
2013-07-22 13:29:23
Туура чечим, бирок элди провакацияга алдырган жанагыл Цигельниковду да жоопко тартыш керек.
0
toobaldaru
2013-07-22 13:31:21
Келтирген чыгымды сосуз толошуулору керек
0
blak.star.kg
2013-07-22 14:43:35
Сот залында киргенден кийин,тынч эле олтурбайбы. Эмне кылат тополон чыгарышып. Сот залы базар эмес го? Бирону сыйлабаса да, оздорун сыйлаш керек эле. Эх , Кыргыз элим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан