Кытайдын "Синкун Вейши" каналынын версиясы боюнча “Азиянын эң сымбаттуу эркеги” аталган түштүк кореялык “JYJ” тобунун ырчысы Ким Жэжуң 33 жашка толду. Ал Түштүк Кореядагы Конджу шаарында 1986-жылы 26-январда төрөлгөн. Ал кезде Хиронун (өз аты) атактуу адам болорунан кабары жок апасы таштап кетет. Бактыга жараша аны Ким аттуу үй-бүлө багып алат. Ошондон кийин анын аты Ким Жэжуң болуп өзгөргөн. Ал 16 жашында Сеулга SM Entertainment агенствосунда өтө турган уктурууга катышуу үчүн сапар тартат. Бирок жаңы жашоо ага кыйынчылык менен башталат. 150 миң вон ижара акысын төлөө үчүн бардык жумушка иштечү.
Ырчылыктан сырткары Ким Жэжуң композитор, актёр жана подиумда модель катары басуу менен алектенет.
Ал эми тасма талаасындагы биринчи кадамы 2004-жылы "38-параллель" тасмасынан башталган. Мында ал аскер кызматкеринин ролун аткарган. Ал эми тасмадан алган акчасына сагыз сатып алып, кайра аны дүкөн иштеткен адамга саткан. Андан кийин ал "Асмандан келген катчы", "Кожоюнду коргоо" жана "Дарыгер Жин" жана башка белгилүү сериал жана тасмаларда роль жаратууга жетишкен.
2006-жылы Жэжуң атактуу болгондон кийин анын өз апасы пайда болот. Ошондо анын асыранды бала экендиги баарына маалым болгон. Жэжуң апасын кучак жая кабыл алган. Ал анын эки апасы бар экендигин кубануу менен айтып келет. Андан аз өтпөй убагында баласынан баш тартып, баласы чоңоюп атактуу, акчалуу болгондо издеп келген атасы Ким Жэжуңдун багып алган ата-энесинин үстүнөн "уулумду мыйзамсыз тартып алган" деп арыз жазып сотко кайрылат. Анысы аз келгенсип компенсация талап кылган. Бирок кийин Жэжуң төрөлгөн учурда ал жубайы менен ажырашканы жана аталык милдетин аткаруудан баш тарткандыгы маалым болгон.