Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында 3 жаштагы кыз Чоң Чүй каналына түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 27-январь күнү Чоң Чүй каналына Ауэзов көчөсү менен кесилишкен жерине 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн.
ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн, 28-январь күнү да улантылат.