
Орусиялык сүрөтчү
Архип Куинджинин калемине таандык картина Третьяков сүрөт галареясынан белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Ай-Петри. Крым" картинасы сүрөт көргөзмөгө келген адамдардын көзүнчө уурдалганын күзөт кызматкерлеринин бири байкап калган.
"Кылмышка шектүү делген адамдар жогорудагы картина үчүн келгени айтылууда. Себеби "Ай-Петри. Крым" картинасын уурдоо кыйынчылыкты жаратпай турган жерге илинген. Айрым маалыматтарга караганда, бул картина аукциондо болжол менен миллион долларга чейин сатыла турганы айтылууда", - деп жазылат маалыматта.
Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Уурдалган "Ай-Петри. Крым" картинаны сүрөтчү Архип Куинджи 1898-1908-жылдар аралыгында тарткан. Ал эми Ай-Петри тоосу - Крым жарым аралынын символу болгон эң кооз жерлердин бири.