Ысык-Көлдө унаа уурдаган деп 16 жаштагы 2 өспүрүм кармалды. Анын бири мурда да соттолгон

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында Хонда-Степвагон унаасын уурдап качканга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына 39 жаштагы жашоочу кайрылган. Ал өзүнүн арызында ушул күнү эртең менен саат 7:00 чамасында белгисиз адамдар анын Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин жазган.

Ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Кара-Ой айылынан Бишкекти көздөй бет алган Хонда-Степвагон токтотулган. Ал машина арыз ээсине тиешелүү экени аныкталган. Унааны ичинен 16 жаштагы караколдук 2 өспүрүм кармалган. Машина жана кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, сурак учурунда өспүрүмдөрдүн бири буга чейин да уурулук жана тоноо боюнча соттолгону белгилүү болгон. Учурда Каракол ШИИБи иликтөө иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан