Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кыздын жансыз денеси бүгүн, 28-январь күнү саат 7:00 чамаларында туугандары тарабынан табылган. Бирок кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу куткаруучуларга кабар берилген эмес.
Буга чейин маалым болгондой, 27-январь күнү Чоң Чүй каналына Ауэзов көчөсү менен кесилишкен жерине 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жатышкан.