Бишкек шаарында унааларды уурдап, кийин өрттөп жиберген деп 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жашоочусу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 7-январдан 8-январга караган түнү белгисиз адамдар анын Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын уурдап айдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Ушундай эле арыз менен Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө да арыз келип түшкөн. Ал арызда тургун 16-январдан 17-январга караган түнү үйдүн короосунан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү машинасы уурдалганын жазган. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринде бул кылмышка шектелип 3 адам кармалган. Алардын бири 23, экинчиси 19, үчүнчүсү 17 жашта. Алардан далил катары машинанын 8 дөңгөлөгү табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө алар машиналарды Бишкектен уурдап Чүй облусунун аймагында өрттөп салышканы белгилүү болгон. Шектүүлөрдүн экөө тергөө иштери аяктаганга чейин СИЗО-1ге киргизилген. Ал эми 17 жаштагы шектүү эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат жазып, бошотулган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул боюнча сотко чейинки тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.