Түркияда өз жанын кыйган кыргыз келин жуунуучу бөлмөдө колготкисине асынып турган абалда табылган

Кечээ, 27-январда Түркияда кыргыз келини өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымдалган. Бүгүн, 28-январда түркиялык маалымат каражаттары кыргыз келиндин аты-жөнүн аныктап, окуя тууралуу маалыматтарды жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы каза болгон келиндин аты-жөнү А.Н. аттуу жаран экени аныкталган. Ал Адана шаарында бала багуучу болуп иштеген. 25-январда жумушка барган эмес. Жумуш берүүчү тарап байланышканда жооп бербегендиктен, алар полиция кызматкерлерине кабарлашкан. Ал эми полиция кызматкерлери келин жашаган батирге барган учурда эч ким ачкан эмес. Алар эшикти бузуп киришип, келиндин жуунуучу бөлмөдө колготкисине асынып турган жеринен табышкан.

Учурда полиция кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда. Маркум батирде жалгыз жашагандыктан үйгө эч ким кирген эмес. Ошондуктан өз жанын өзү кыйган деп айтылууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Окуя Адана шаарында болгон. Биздин элчилик Адана шаарынын ички иштер башкармалыгы менен байланышканда алар массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды тастыкташкан. Ал эми каза болгон келиндин денесин тууганы өлүк сактоочу жайдан алып кеткендигин биздин консулга маалымдашкан. Ал тууганы Кыргыз өлкөсүнөн барганбы же ошол жакта жашаган тууганы болгонбу, азырынча так маалымат жок. Элчиликке алып кеткен тууганын тактоо боюнча тапшырма берилди. Учурда бул окуя тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөп жатабыз", - деп маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
travma
2019-01-28 15:29:40
Олумго жеткиргенда жун баштар
+6
AIA-TOO
2019-01-28 15:41:16
Байкуш эмне болду экен мынчалык?
+6
Skarlett-Skarlett
2019-01-28 16:28:21
А.Н
-1
nurka_85
2019-01-28 16:56:29
Иш беруучулорду сураш керек го, телефонун албаса эле кантип милицияга чалып, уйуно милиция мн барат? Бул жерде бир нерсе бар го...
+18
Antalyamanavgat
2019-01-28 17:49:43
nurka_85,
Эшигин ачпаса бузуп кирип +. Ишке барбай калса эле мынчалык кыжаалат болуп издегени өзү шек жаратат
+18
glucke45
2019-01-28 21:43:30
Antalyamanavgat, Куйоосун жакшылап суракка алыш керек
+1
Nargiza1987k
2019-01-28 18:59:32
nurka_85,менда айтайын дедим эле иш беруучулорду жакшылап сураштырыш керек бирок бироонун жеринде кыйратып ким териштирмек эле оз жерибизде аран акча берип атып тетриштиришет
+6
tatynam_88
2019-01-28 17:30:24
Мына,мыга.А.Н.дешетта булар
+1
kuba1983
2019-01-29 22:11:26
tatynam_88, манкуртта булар,
0
Alixan-Nookat.2015
2019-01-28 18:25:33
Аты такталды деп туруп А.Н дегени эмнеси
+8
raykray
2019-01-28 23:23:10
Элчи билгенче,моргдон тууганы алып чыгып жоноткон?!
+3
madina.87
2019-01-29 09:37:57
Биздин кыйындар алып кеткен тууганын териштирип олтурат,ал кыз эмне себеп менен өлгөнүн териштирбей эле.Айлыгын актап жешпейби б.к басарлар
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-29 12:59:47
Элчилерди жойуп салыш керек!
+2
gitaris93
2019-01-29 20:04:19
Azatbek.Svoboda.,жоок союп салыш керек десен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан