Третьяков сүрөт галареясынан "Ай-Петри. Крым" картинасын уурдаган кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы киши кармалган. Шектүү сурак учурунда полиция кызматкерлерине уурдалган картинаны Одинцов районунда курулуп жаткан имараттардын бирине катып койгонун айткан. Полиция кызматкерлери аталган жерге барып "Ай-Петри. Крым" картинасын таап алышкан.
Эске салсак, орусиялык сүрөтчү Архип Куинжинин калемине таандык картина Третьяков сүрөт галареясынан белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Айрым маалыматтарга караганда, "Ай-Петри. Крым" 1 миллион долларга бааланган.
Кылмышка шектүү буга чейин баңги затын сактап жүргөндүгү үчүн кармалган. Учурда анын тыюу салынган заттарды колдонуусу мүмкүн делип, текшерүү иштери жүрүп жатат.