“Бакай Банк” сиздерге алтын куймаларынын кенен ассортиментин тартуулайт. Сатыкта 1, 2, 5, 10, 31,1035 унция жана 100 грамм салмагындагы алтын куймалары бар. Ар бир куйманын аныктыгы жана сапаты атайын капталган сертификаты менен тастыкталган жана куйма менен сертификаттагы номер дал келиш керек. Ал эми 100 граммдын алтын куймага өзгөчө сертификат берилет.
Бул операциялар боюнча эсеп сом менен жүргүзүлөт. Өлчөнгөн куймалардын баасы кымбат баалуу металлдын эл аралык рыногундагы бааларга жараша дээрлик күн сайын өзгөрөт. Төлөм накталай жана накталай эмес формада кабыл алынат.
“Бакай Банк” Улуттук Банктын тазаланган алтын куймаларын сатып алууну сунуштайт. Куймалар баалуу металлдардан жасалып жана тамгаланган.
Мындай капиталдык салымдын башкы жетишкендиги – бул кайра сатып алуунун кепилдиги. Ал аталган финансылык инструменттин өтүмдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Алтынга инвестициялык салымдын дагы бир пайдасы бул биздин өлкөдө өлчөнгөн алтын куймаларына байланышкан операциялар кошулган баага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган.
Тазаланган алтын куймаларынын сатуу жана сатып алуу баасы банк менен улуттук валютада күн сайын кабыл алынат.
Алтын куймаларды сатып алуу үчүн керектелген документтердин тизмеси:
“Бакай Банк” ААКсы алтын куймаларды сатып алуу жана сатууну дем алыш күндөрдөн тышкары, күн сайын саат 9:00дөн 16:00гө чейин аткарат.
Банк алтын куймаларды кайрадан сатып алууну 1, 2, 5, 10, 31,1035 унциядагы куймаларды бузулбаган атайын капталган таңгак менен гана кабыл алат. Таңгактын сактыгы алтын куймалардын аныктыгын ырастап, тез арадагы эсептөөгө кепилдик берет. Эгерде алтын куйманын таңгагы же сертификаты бузулса, куйма экспертизага жиберилет.
Алтын куймаларды сатып алуу боюнча суроолордун жообун төмөнкү номурлардан ала аласыздар:
6111, WhatsApp: +996554006111.
Ошондой эле маалыматты: www.bakaibank.kg сайтынан ала аласыздар.
“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.