Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митингге катышкан Сокулук районунун тургуну 2 айга камакка алынды

17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митингге катышкан Сокулук районунун тургуну 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Аманбол Бабакулов социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында Гүлжамила С. аттуу аял А. Субанкулов судьянын чечими менен "улуттук кастыкты козутууга" айыпталып, 23-январда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Соттун чечимине ылайык, Гүлжамила С. 17-мартка чейин СИЗО-1ге киргизилген.

"Кайрылуумдун себеби - дагы эле мыйзам бузуулар, кысым көрсөтүүлөр, аңдымай токтобой жатат. 17-январда өткөн митингге чыгып сүйлөгөн Гүлжамила С. эжеге жардамыңыздар керек . Тез аранын ичинде иликтеп жообун берүүңүздү өтүнөм", - деп жазган Бабакулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitunuk
2019-01-29 02:47:06
Улгайган адамдарга түшүнө албайм деги, үйдө отурушса, бала-бакыранын чайын ичип, неберелерди багып, насаат сөзүн айтып, көчөгө чыгып ойду-тоону сүйлөбөй.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан