Парламенттик комитет салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулайт

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кепилдик фондунун ишмердүүлүгү талкууланат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Аталган фонддун маалыматына ылайык, кепилдик фонддун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Бул убакыт ичинде ишкерлерди колдоо иретинде 550 миллион сомго жакын кепилдик берилген.

Эл өкүлдөрү буга чейин бул фонддун көрсөткөн каражаты көп, жасаган иши аз болуп жатканын сынга алышкан.

Мындан тышкары жыйында "Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан