Чүй облусунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Алар 38 баш малды уурдап кетип, чекесинен сата башташкан

Чүй облусунда мал уурулукка шектелген жарандар кармалды. Маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 27-январь түнү белгисиз адамдар Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы үйлөрдүн бирине барып, сарайынын эшигин талкалап кирип, 38 баш майда жандыгын уурдап кетишкен.

"Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп, жабыр тарткан үй ээси К.Энин жазган арызынын негизинде Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери иш алып барышкан. Анын натыйжасында мал уурулукка шектүү катары Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну, 30 жаштагы Нарын облусунун 2 тургуну кармалып, кылмыш кылганын моюнга алышкан. Алар уурдалган жандыктарды мал базарга алып чыгып, эки эчкини сатканга үлгүрүшкөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки сурак иштери жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан