Токмоктогу өткөрүү пунктундагы атышуунун себеби жана ага катыштыгы барлардын аты-жөнү аныкталды

Токмоктогу өткөрүү пунктундагы атышууда жаракат алгандардын дагы бири Дастан Бейшенкулов ооруканага жатты. Бул тууралуу Чүй обустук милициянын башчысы Самат Курманкулов 29-январда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бейшенкулов октон жаракат алган.

"Өткөрүү пунктуна жакын жердеги атышуу 25-январга караган түнү болгон. Чыр Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыккан. Алар товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүшкөн. Ошонун негизинде акча маселесинен улам чыр чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алган экен. Бирок биз аларды 26-январда Токмок РИИБине чакырып сураганыбызда эч кандай атышуу болбогонун айтышкан. Бирок кийин Аскат деген адам октон жаракат алганын көрсөткөн видео интернетке жарыяланды. 28-январда Дастан Бейшенкулов дагы октон жаракат алганын айтып, ооруканага жаткан. Андан барып тергөөчүлөр кайрадан сурак жана арызын алышкан. Арыздын негизинде Аскат Усеновго издөө жарыяланган. Ал бүгүн өзү келүүгө убада берген, ал камакка алынат", - деди Курманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alihan2018
2019-01-29 11:05:46
26-август эмес январь болсо керек
-1
kairhai
2019-01-29 11:22:11
Ишти жаап жашырып коёюн дешкен экен, акылдуулар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан