Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев Токмоктогу өткөрүү пунктуна жакын жердеги атышууга катыштыгы жок экенин айтууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй облустук милициянын башчысы Саматбек Курманкулов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Самаевдин окуя тиешеси бар делген маалымат азырынча так эмес.
"26-январь күнү депутат Урматбек Самаев дагы Токмок РИИБине чакыртылган. Бул маалыматты тастыктай алам. Бирок анын окуя болгон жерге атышуудан кийин барганын так айта албайбыз. Райондук милицияда өзү сурак берип жатып окуяга катышы жок экендигин айтты. Эгерде тиешеси бар болгон болсо, УКМКга материалдарды чогултуп беребиз, чара көрүлөт. Анын окуя болгон жерге барганын көргөндөр болсо, облустук милиция келип маалымат беришсе угууга даярбыз", - деди Курманкулов.
Буга чейин Самат Курманкулов Токмоктогу өткөрүү пунктундагы атышуунун себеби жана ага катыштыгы барлардын аты-жөнү аныкталганын айткан.