Америкалык актриса жана телеалпаруучу Опра Уинфри 1954-жылы 29-январда АКШнын Миссисипи штатында Костюшко шаарында туулган.
Опра Уинфрини "Forbes" журналы бир нече жолу таасирдүү адамдардын катарына кошкон. Ал дүйнөдөгү белгилүү гана эмес, өтө бай адамдардын сап башында болуп, анын байлыгы болжол менен 2 миллиард 8 миллион долларды түзгөн. Ошондой эле ал тарыхта алгачкы жана жалгыз кара терилүү миллиардер аял болгон.
Ал бай жана таасирдүү адамдардын катарына кошулушу өз кесибине байланыштуу долбоорлорду түзүп, масс-медиа жаатында бизнес иштерине кадам таштаганда башталган. Алгачкы иши 1988-жылы өзүнүн жеке "Харпо Энтернтейнмент Груп" деп аталган фирмасын ачуу болгон. Ушинтип бизнестен түшкөн алгачкы 20 миллион долларга Чикаго шаарынан аянты 9 миң квадрат метрди түзгөн киностудия сатып алат. Бул жерден бат эле популярдуулукка жеткен шоу берүүлөрүн тарттырууга өткөн. Мындан тышкары, Америка менен кошо 64 өлкөнүн талабына жооп берген кызыктуу шоу көрсөтүүлөрдү даярдап таратат. Бир аз кийинчерээк документалдык кинолорду тарттырып, телеканалдарга сата баштаган. Ушундай жол менен жүрүп отурган Опра 2000-жылы "O. The Oprah Magazine" деген аталыштагы 2 миллион тираждуу журнал ачып, басма сөз тарыхына жаңылык киргизген.
Мындан тышкары, Опра акчасын кыймылсыз мүлк багытына да жумшап келет. Атап айтканда, Чикагодо "Эксцентрик" аттуу ресторан ачып, андан көп узабай кабелдүү телеканал сатып алган. Түшкөн кирешелерин айлантууга гана салбастан өз кызыкчылыктары үчүн да жумшап, деңиз жээгинен 50 миллион долларга турак үй, Колорадо штатынан 4,3 миллион турган ранчо, "Челленджер 601-ЗА" реактивдүү учагын, Индиана штатынан жеке ферма, булардан сырткары 4 коттедж, особнякты сатып алган.