Экс-мэр Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратуу суралууда

18-июлда экс-мэр Нариман Түлеев жана анын мурунку кесиптештери боюнча өткөн соттук отурумда тараптар жарыш сөздөрүн айтышты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик айыптоочулар Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон суранышты. “Жарыш сөз болор күнү айыпталуучулардын спорттук дене түзүлүштөгү 50гө чукул тарапташтары сот отуруму болчу залга кирип, судьяга кандайдыр бир кысым көрсөтүүгө аракет кылышкан. Судья залда тартипти сактоого чакырганда гана алар чыгып кетишкен. Эмки соттук отурум 26-июлда болот. Анда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алышат”,- деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан