Чүйдө 12 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аял изделүүдө

Чүй облусунун Сокулук РИИБи дайынсыз жоголуп жаткан Мамбеталиева Бактыгүл Мырзабековнага издөө салат.

Изделип жаткан 56 жаштагы Бактыгүл Мамбеталиева ушул жылдын 17-январында Новопавловка айылындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

Белгилери: бою - 165-167 сантиметр, чачы кара, кой көз.

Кийип жүргөн кийимдери: Кара түстөгү булгаары дублёнка, кара сапожка жана башына кара жоолук салынып жүргөн.

Изделип жаткан жаранды көргөн-билгендер болсо, Сокулук РИИБине 0 (312) 60 75 67, 0 (558) 86 14 86, 0 (709) 35 35 29 же 102 нөөмөт номуруна байланышууну милиция өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан