Баткенде жер силкинди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Кадамжай районунун борборуБүгүн, 29-январь күнү саат 12:16да Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталып, күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында 3 баллга, Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан