Бүгүн Кара-Балта шаарында кезектеги фирмалык О!Store дүкөнү ачылып жатат. Дүкөндө дүйнөлүк Xiaomi, LG, Huawei, Honor, Samsung, Apple бренддеринин расмий өкүлдөрүнүн смартфондорун жана аксессуарларын сатып алса болот.
Жаңы дүкөн ачылышын бардык аксессуарларга -20% жагымдуу арзандатуулар менен белгилеп жатат! Атайын сунуш каптарга, кулаккаптарга, заряддоочу түзүлүштөргө, коргогуч айнектерге, шакек кармагычтарга, кабелдерге, переходниктерге, зымсыз колонкаларга жана башка керектүү буюмдарга жүрөт. Сизди кеңири тандоо жана мыкты сервис күтөт, ал эми О!Store дүкөнүнүн адистери сиздин смартфондун моделине керектүү буюмду тандап беришет.
Сиз азыркы учурда О!Store дүкөндөр тармагында жүрүп жаткан башка акциялардан да пайдалансаңыз болот:
Жаңы дүкөндө смартфонду насыяга жолжоболоштуруу мүмкүнчүлүгү бар. Акциянын мөөнөтү чектелген: 2019-жылдын 28-январынан 2019-жылдын 10-февралына чейин гана.
О!Store дүкөнү күнүгө төмөнкү даректе ачык: Кара-Балта ш., Кожомбердиев көч., 24 «Авангард», мэриянын жанында 09:00дөн 19:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз.