Эртең УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат

Эртең, 30-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун оор илдетке чалдыкканына байланыштуу аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат.

SUPER.KG порталына Жогорку Соттон бүгүн, 29-январда билдиришкендей, Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу тиешелүү документтер 24-январда сотко өткөрүлгөн. Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Мурат Суталиновдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлагандыгына байланыштуу Улуттук онкология борборунда химиотерапия алып жаткандыгы айтылган. Ошондой эле ал жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирери да белгилүү болгон.

Айта кетсек, Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан