Бишкекте аялдан видеосун интернетке жарыялайм деп акча талап кылган мурдагы милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, кармалган адам 2018-жылдын башында милиция кызматынан айдалган.
"28-январь күнү Ж.Н. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Арызда Ж.Н. Каныбек аттуу милиция кызматкери анын катышкан видеосун интернетке жүктөй тургандыгын айтып, 20 миң сом акча талап кылганын көрсөткөн.
Арыздын негизинде иликтөө иштери дайындалып, 29-январь күнү талап кылган суммасын алып жаткан жеринен Ы.у.К. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн сержантына таандык кызматтык күбөлүк табылып, териштирүү иштеринин жыйынтыгында Ы.у.К. 2018-жылдын башында терс мүнөздөмөлөрү үчүн кызматынан бошотулганы аныкталды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле анын үстүнөн кызматтык иликтөө башталды", - деп айтылат маалыматта.