Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

2-февралдан 10-февралга чейин Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасы улуттук "Жаз" (Жаңы жыл) майрамын белгилөөгө байланыштуу чек араны убактылуу жабууну сунуштаган. Ага байланыштуу “Торугарт-унаа жол” жана “Эркечтам-унаа жол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу унааларды өткөрүү 11-февралда кадимкидей тартипте жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан