“Т” (ред. Бажы кызматы тарабынан аты жашырылган) ачык акционердик коому товарларды жалган декларациялаган. Мындай фактыны Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аныкташканын аталган мекемеден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, "БИМИ Ош Сервис" бажылык тариздөө жайында “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Кытайдан келген товарларды тыкыр текшерүүгө алышкан.
"Анын жыйынтыгында “Т” ААКсы тарабынан берилген товар менен коштоочу документтер боюнча билдирилген товарлардын ылайык келбегендиги аныкталган. Тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 1 миллион сомдон жогору болгон. Бул факты боюнча материалдар Ош облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.