Бүгүн, 30-январда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Ленин райондук сотунда каралууда.
Соттук отурумга Мурат Суталинов алынып келди. Бирок Мамлекеттик айыптоочунун сотко келбей калганынан улам сот иши 7-февралга жылдырылды.
Окуянын чоо-жайы:
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон. Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу тиешелүү документтер 24-январда сотко өткөрүлгөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Мурат Суталиновдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлагандыгына байланыштуу Улуттук онкология борборунда химиотерапия алып жатканын айткан. Ошондой эле ал жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирери да белгилүү болгон.