Улуттук онкология борбору: "Мурат Суталинов дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, узак убакытка дарылануусу керек"

Бүгүн, 30-январда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Ленин райондук сотунда каралмак. Бирок прокурордун келбей калганына байланыштуу сот отуруму 7-февралга жылдырылды.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залынан чыккандан кийин Суталинов дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп узак убакытка дарылануусу керектигин айтты. Анын белгилешинче, Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап келет.

Ал эми жактоочусу Тимур Карабаев Суталинов дартына байланыштуу жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирерин билдирген. Ошондой эле жактоочу сот Суталиновдун ден соолугун, келтирилген өтүнүчтөрдү эске алып, мыйзам чегинде чечим кабыл ала турганына ишенич артарын кошумчалады.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон. Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу тиешелүү документтер 24-январда сотко өткөрүлгөн.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун соту 7-февралга жылдырылды
Жактоочусу: "Суталиновдун оң бөйрөгү 4-стадиядагы рак"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан