"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары таанылган Азалия өткөн жылдын сентябрь айында жаздырган ырын учурда башка бирөө жаңы сөз жаздырып алып ырдап чыкканын айтып, SUPER.KG'ге кайрылган. Бүгүн ал ырды ырдап чыккан Айзада Болотбекова аттуу ырчы редакциябызга келип, ырдын обонун жана аранжировкасын жазып берген Азамат Такырбашев байланышуудан баш тартып жатканын айтты.
"Жаралган жагдайга Азалияны деле күнөөлөп жаткан жокмун. Ал деле ырды сатып алды да, мага окшоп убактысын коротту, чуркады дегендей... Мен дагы бул ырга аранжировкага 300 доллар, студияда үн жаздырууга 5000 сом жана сөзүнө 5000 сом, кыскасы майда-чүйдөсүнө деп эле бир топ каражат кетиргем. Мен бул ыр аркылуу шоу чөйрөгө дебют жасап, кадам таштагам. Азалия менин ырымды радиолордон жана каналдардан алдыр деп жатат. Мен ал ырды уурдап алган жокмун, акчасын берип сатып алдым. Ошондой эле ырды эч жактан алдыра албайм", - деди Болотбекова.
Талашка түшкөн ырдын жаратуучусу Азамат Такырбашевге да байланыштык. Ал бул боюнча өз пикирин айтып, катачылык кеткенин моюнга алды.
"Мен эч кимисинен качкан жокмун. Болотбекова менен бүгүн эле жолугуп, сүйлөшүп, бир пикирге келишип, мен ага башка ыр жазып бермей болгом. Ырды биринчи жаздырып ырдап чыккандан кийин ал Азалияда эле калмак. Ооба, башында Азалия менден обон жазып берүүмдү өтүнгөндө 2-3 вариант сунуштагам. Арасынан ушуну тандап, ага аранжировка жасаганымды эстен чыгарып коюптурмун. Кийин Айзада келгенде бул обондун сатылып кеткенин унутуп коюп, жазып бере бериптирмин. Экөө ырдаган ырлардын 1-куплетинин обондору окшош чыгып калыптыр. Ал эми экөө эки башка сөздөрдү жаздырып алышкан. Кыздар менен бир пикирге келишкенбиз деп ойлойм. Аларга иши кылса пиар керек болуп жаткан окшойт", - деди Такырбашев.
Азалия аткарып жүргөн "Алыстадым" аттуу ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Азамат Такырбашевге таандык. Ал эми Айзада Болотбекова ырдап чыккан "Арноо" аталышындагы ырдын сөзүнүн автору Санаа Кирекеева, ал эми обонунун автору Азамат Такырбашев.