Буга чейин Токмокто ат менен супермаркетке кирип кеткен адамдын видеосу интернетке тарап талкууланып жаткан. Белгилүү болгондой, видео Токмок шаарында тартылган. Анда атчан адам "Народный" дүкөндөр түйүнүнүн бирине кирип кетет. Андан соң аны дүкөндүн күзөт кызматы азык-түлүк бөлүгүнө жеткирбей, эшикке чыгарып койгон. Жылкы чалынбастан дүкөндүн тепкичинен түшүп кеткен.
Мындай жорукту жасаган адам табылганын бүгүн, 30-январда Чүй ОИИББинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ат менен дүкөнгө кирип барган адам Токмок шаарынын 39 жаштагы жашоочусу. Ошол учурда ал катуу мас болгонун, бүгүнкү күндө бул кылгандарына катуу өкүнүп жатканын билдирген.
Бул боюнча Тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык, 81-берененин негизинде протокол түзүлгөн. Милиция кызматкерлери ал тургунга мындан ары мындай жоруктарды жасабоосу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндүгү жазылат маалыматта.