Орусиялык актёр Марат Башаров жубайы Елизавета Шевыркова менен жарашты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чырдашкан жубайлар маданий иш-чаралардын бирине кол кармашып келип, абдан бактылуу көрүнүшкөн. Бул жубайлардын ортодогу үй-бүлөлүк чырынан кийин эл алдына биринчи ирет чогуу чыгып жаткан учуру.
Актёрдун күйөрмандары жубайы жолдошун баласы үчүн кечиргендигин айтып чыгышкан.
Эске салсак, 27-декабрда 44 жаштагы актёр Марат Башаров жубайын аёосуз түрдө сабап, анын мурдун сындырганы тууралуу Елизавета Шевыркованын агасы Фёдор маалымдаган.
Алган жаракатына карабастан Елизавета Шевыркова арыз жазуудан баш тартып, бул кырдаал боюнча эч кандай билдирүү жасаган эмес.
Андан сырткары Елизавета Шевыркова ажырашуу тууралуу дагы ойлогон, бирок Марат Башаров бул учурда кызы менен Франциядагы лыжа базасында эс алып жүргөн.