"Алма быш, оозума түш..." "Дыккындыш" клибинин популярдуулугу артып, интернет колдонуучулары андагы бийди кайталап кызыктуу видеолорун жүктөп жатышат

"Тамашоучу", актёрлор Самат Эркинбеков жана Кубаныч Курманбеков трагедия жана комедия жанрындагы "Жер тоголок" аталышындагы тасма тартышкан. Жакында ушул тасмага "тамашоучулар" ырчы Адилет Эркинбек уулу менен биргеликте "ДыкКынДыш" деген тамашалуу саундтрек жазышкан.

Аталган клип учурда социалдык тармактарда популярдуу болуп, колдонуучулар клиптеги кыймылдарды кайталап #дыккындыш деген хэштеги менен видеолорун жүктөп жатышат. Элден артта калбай бул ырга ырчы Айганыш Абдиева, Нуржамал Молдалиева дагы бийлеп, видео тартып чыгышкан.

Вируска айланган бийди Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин окуучулары дагы кайталашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
KyrgyzstanBishkek
2019-01-31 17:51:44
Жерди токтоткула мен тушуп калайын.
+5
Kyrgyzlive
2019-01-31 23:13:13
Ушу кыргыздар силерге эч нерсе жакпайт бири биринди королбагандын айынын мамлекетибиз онукпой жатат
+4
jaskaaa
2019-01-31 23:46:03
Көңүлун көтөлүлөт. Айрыкча кыздын акку учтуу асманга деген жери өллө жактыда
+2
Kamchy-bek
2019-02-01 00:35:55
Алма быш оозума түш,
Албарсты аны басты,
Анан мен аны бастым,
Ак куу учту, кайда
Асманга дыкыңдыш..
Эмне ушубу жыргай турганыңар, бул эмне деген тарбия , ушинтип жыргай бергиле, менин жекече оюм бул жеткен макоолук,же эмне баарын кыйратып койдукпу, башка элдердей өнүккөн болсок анда дыкыңдыш кыла берсе болот, бир кулагын кармап алып....
+5
Taku.14.02
2019-02-01 03:27:44
Kamchy-bek,жаман уят эчтеке жокко мага жакты не ичинер куйуп атабы ырдаса.. онорун оркундотсун да балким башталышы жакшы окшошпой кемчилдик бар
+2
Kamchy-bek
2019-02-01 03:45:42
Taku.14.02,кызык экен, неге ичим күйөт, эмне бул Димашбы, же эмне Токтобек Асаналиевби, эмне деген өнөр бар бул жерде, кандай өнөр, андай болсо дальше тайраңдай бергиле өнөр көрүп,
-8
Taku.14.02
2019-02-01 11:11:26
Kamchy-bek,антип жаман жагын издесен сени деле айтайт да дардандап интернетте эле эле журот пайдалуу иш жазабай деп
+5
Baku88
2019-02-01 13:54:22
Taku.14.02, эң туура айттын баардык адамдын жаман да жакшы да жагы бар жаман жагынан карасан жакшы жагын такыр көрө албайсың ошон үчүн жакшы жагын карайлы
+3
Taku.14.02
2019-02-01 03:28:19
азамат эмил менен самат иштешпей калды беле
-1
NURSAPAR
2019-02-01 08:01:07
Кызыксыңар го, бул жакшы эле прикольный ыр экен. Жыңалач чечинип ырдаганга караганда. Тамаша да.
+7
vikidiki
2019-02-01 08:03:27
Кореянын бир жиндисинин бийин туурагандан коро озубуздукун колдоп коелу.
+9
sabirdinovich
2019-02-01 08:19:34
Буларды жакшы ырдабайт деп сындагыдай ырчылар беле? Буларды юморист деп койот, элдердин маанайын көтөрүү үчүн ушундай клип тарткан. Түшүнүп койсо болот
+14
Taku.14.02
2019-02-01 11:12:25
sabirdinovich,ошону коро албай атпайбы ичи таарлар
+2
Pchelka85
2019-02-01 08:19:43
Мындай конулду которгон ыр экен. От души кулуп алганга))) мага особенно Ак-куусу жакты)))) семиз ак куу экен))))) кичикей чагыбызда ойногон оюндар эске тушту... эна бена со))) машина келатат пииип... бала мальчик, чуко-альчик деп далай эле айтып журдук. Лопата-курок сердце-журок деп)))))).
+10
Samat777
2019-02-01 14:12:01
Позитив көнүлдү көтөргөн ыр экен
+3
Mamiev
2019-02-01 15:40:43
Албетте бул ырды мактаганым жок бирок силерге айтаар элем. Батыштын ырларын угуп бийлеп эле журосунор маанисине дагы түшүнбөй. Ошол батыштын ырын кыргызчага которсон бул ырдан кем калбайт.Жакпадыбы көрбө кордунбу жакшы сөз жазалбасан ундобо. Кымтык издеп бири бирибизди чукулап эле жүрөбүз бири жактырса экинчиси жактырбай. Интернетте укмушпуз кайда баратабыз не болгон заман деп а жашообузда музыка укпаган акылдуу адамдай болуп
+2
din_tomas
2019-02-01 16:57:25
Акыркы учурларда "идиотский, жеңил-желпи" нерселер актуалдуу болууда, ушулардын агымында болуп, ушуларды көрүп,туурасаң сен заманбапсың,"крутойсуң", а жок кыргыздын классикалык(Атай,Муса,Аксуубай) же болбосо дүйнөлүк шедеврлерди (Моцарт,Бетховен, Шопен) угуп атканынды бирө көрүп калса болду шылдыңдап "отстой, тормоз,колхоз" деп жатып калышат
+2
zinagull1996
2019-02-01 18:24:49
Мага жакты бирок кыймылдарын туурай албай койдум го эч эле
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-01 19:15:08
Оой сонун эле,келгиле кулкуго да орун берели.Уят жери жок.
+2
Skarlett-Skarlett
2019-02-01 19:20:20
Супперр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан