Жалал-Абад облусунда 13 жаран 30 уурулук фактысы боюнча шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда уурулук боюнча кылмышка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал- Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 13 жаранды 30 уурулук фактысы боюнча кармаган.

"Шектүүлөр Токтогул районундагы айылдардын биринен жылкы жана уйларды уурдашкан. Ал эми кармалган жарандардын бирөөсү алдамчылык боюнча да шектелүүдө. Анда ал январь айында Токтогул районунун тургунунан унаасын алып, акчасын бербей койгон. Учурда бул боюнча тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан