9 жылдык мамиледен соң ырчы Максат Садырбеков сүйүктүүсүнүн колун сурады

Бойдокчулук менен коштошуу кезеги "Нон-Стоп" дуэтинин мурунку солисти, ырчы Максат Садырбековго келген өңдүү. Себеби ал кечээ, 31-январда Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө сүйүктүүсүнө тизе бүгүп, чыгармачылык досторунун жана жакындарынын курчоосунда сүйүү сөздөрүн арнап, баш кошуу тууралуу сунушун киргизди.

Түгөйлөр сүйүү мамилесин курган учурда Максат Садырбеков 17, Айсулуу Молдалиева 15 жашта болгон.

Максат Садырбеков "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринде Айсулуу Молдалиевага болгон сезимдери тууралуу: "9 жыл ичинде эмоциялардын көп тепкичин басып өттүк. Албетте, экөөбүз тең бири-бирибиз үчүн ыйлаган учурубуз болгон. Бирок эмнеге, качан деген нерсе купуя сакталышы керек", - деген.

Максат Садырбеков, Айсулуу Молдалиева: "3-4 айлап таарынышып жүргөн кездер болгон"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2019-02-01 09:16:31
озунчо эле романтик, мурун эле уйлонуп албайсынбы,9 жыл зына кылбай
+5
Meken28
2019-02-01 09:26:29
kechirmeni,zyna kylyppy 9 jyl kayaktan bilesiner
-3
kechirmeni
2019-02-01 09:38:12
Meken28,никеси жок колунан кармады, кучактады, опкулоду дагы не кылды Кудай билет ошонун баары зынаа да
+3
BTFB93
2019-02-01 09:53:29
Тизе бүкпөй колун сураса деле макул болмок да 9 ай көтөрүп толгоо тартып кыйналып төрөгөн энесине тизе бүкпөйт дагы сүйлөшкөн кыздарына тизе бүгүп чөгөлөшөт тообаа
+19
Erik2018
2019-02-01 09:59:11
Укмуш эле комментерди жазасынар ээ
+2
Erik2018
2019-02-01 10:03:27
Урматтуу Супер.кг сайты. Видеонорду ушундай эле кылып жаңылыктын астыны коюп койгулачы сураныч. Видеону ачса өзүнчө болуп чыгарганы мага жаккан жок.
+4
Sary-Bala
2019-02-01 13:48:08
Апаман болок эч бир аялга чоголобойм
+8
BEKU.NUKU
2019-02-01 22:07:28
Мага жан.тан дагы к0менттер жагат да:-D
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан