Токмоктогу өткөрүү пунктуна жакын жерде атышууда жаракат алган Аскат Усенов менен Дастан Бейшенкуловдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, 31-январь күнү Аламүдүн райондук сотунда Асхат Усеновдун баш коргоо чарасы каралып, ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (топ адамдар менен сүйлөшүп алып ден соолукка залал келтирүү үчүн курал колдонуу) менен айыпталууда.
Ал эми Бейшенкуловдун баш коргоо чарасы ушул эле күнү Чүй облустук сотунда каралып, соттун чечими менен ал дагы СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бейшенкуловго Кылмыш-жаза кодексинин 203 (алдын ала топ адамдар менен сүйлөшүп алып ден соолукка жана өмүргө коркунуч алып келбегендей күч колдонуп опузалоо) жана 39, 130-беренелер (бейбаштык, адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча айып тагылып жатат.
25-январь күнү Токмоктогу көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жерде Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Милициянын маалыматына караганда, чыр товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү учурунда акча маселесинен улам чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алып, ооруканага жатышкан.
Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин дагы тиешеси бар экени айтылып, ал суракка алынган.