Кыргыз жеринде эс алуу учурунда оор жаракат алган казакстандык эки жаран Астанага жеткирилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жазышты.
Маалым болгондой, жаракат алгандар 30-январда Казакстандын санитардык авиация борборунун жардамы менен Астана шаарына жеткирилип, ооруканага жаткырылды.
17-январь күнү казакстандык бир кыз жана бир жигит Бишкектеги досторунун чакыруусу менен Кыргыз жерине келип, Ысык-Ата айылындагы тоодо жылгаяк тебишкен. Бирок Бишкекке кайтар учурда баллон менен тоодон ылдый түшүп келе жатып кырсыктап, оор жаракат алышкан. Алган жаракатынан улам алар Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бирок өз алдынча Казакстанга кете албагандыктан жакындары 23-январда Казакстандын Кыргыз жериндеги элчилигине аларды өз мекенине жеткирүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. 30-январь күнү алар мекенине кайтышкан.